Айыл чарба министрлиги бизнес өкүлдөрү менен АӨКтү өнүктүрүү боюнча 1000 күндүк планды талкуулады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде 10-ноябрда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 1000 күндүк планды ишке ашырууга арналган жыйын өттү. Ага мамлекеттик органдардын, бизнестин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында айыл чарба продукциясын өндүрүүнү, сактоону жана кайра иштетүүнү өнүктүрүү, өндүрүштүк инфраструктураны жакшыртуу, инвестиция тартуу, заманбап технологияларды киргизүү жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.
Кепилдик фондунун жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлдөрү кайра иштетүүчү ишканаларды каржылык колдоо мүмкүнчүлүктөрү, кепилдик инструменттерин жана камсыздандыруу механизмдерин колдонуу тууралуу маалымат беришти.
Жыйындын соңунда катышуучулар мамлекет менен жеке сектордун биргелешип иштөөсүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Жолугушууда айтылган сунуштар министрликтин мындан аркы ишинде эске алынары убадаланды.