Бактыбек Калмаматов президенттикке талапкерлигин коюу үчүн БШКга арыз берди

Бүгүн, 11-ноябрда, Бактыбек Калмаматов президентикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин коюу үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (БШК) арыз тапшырды. Бул тууралуу комиссиянын расмий сайтына жарыяланды.
42 жаштагы Бактыбек Калмаматов Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Совет айылында туулган. Ал 2006-жылы Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Калмаматов 2010–2015-жылдары «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон. Парламентте Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызматтарын аткарган.
Калмаматов Жогорку саясий мектеп окуу борборунун жана «Биз Барбыз» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү болуп саналат. Ал 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоого талапкер катары катышып, 0,5 пайыз добуш топтогон. 2021-жылдын күзүндө «Азаттык» партиясы менен Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттыкка талапкерлигин койгон.
2021-жылдын 22-декабрында «Манас» аэропортунда кармалып, улут аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 2022-жылдын 20-январында соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.
Эске салсак, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылы 27-январда өтөт. Өлкө башчылыгына талапкерлерди көрсөтүү тууралуу арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 12-ноябрында аяктайт. Буга чейин президенттик шайлоого катышуу арызы менен БШКга алты жаран: Аймен Касенов (14-октябрда), Азамат Эсенбеков (27-октябрда), Сыймык Жапыкеев (28-октябрда) жана Акай Кыдыров (4-ноябрда), Исхак Масалиев (6-ноябрда) жана учурдагы президент Садыр Жапаров арыз беришкен.