2026-жылдын биринчи жарымында өлкөгө 709,9 млн доллар инвестиция тартылган

07.11.2026 | 10:30
За первое полугодие 2026 года в страну привлекли 709,9 млн долларов инвестиций — Новости Кыргызстана

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга 709,9 млн доллар өлчөмүндө тикелей чет өлкөлүк инвестиция тартылды. 2025-жылы бул көрсөткүч 1 миллиард 310,8 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу 6-ноябрда Министрлер Кабинетинин отурумунда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев билдирди.

Жыйында Касымалиев өлкөгө тартылган тикелей инвестициялар көбөйүп жатканын, муну менен бирге мамлекет долбоорлордун экономикалык кайтарымын камсыз кылууга милдеттүү экенин эске салган.

Өкмөттүн маалыматында, отурумда инвестициялык саясатка жана долбоорлорду ишке ашырууга байланышкан маселелер каралып, бир катар чечимдер кабыл алынган.

Анын ичинде «Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө» токтомго өзгөртүүлөр киргизилген. Бул өзгөртүүлөр жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү долбоорлорду жүзөгө ашырууга, мамлекеттик колдоо чараларын кеңейтүүгө, ошондой эле долбоорлорду тандоо жана коштоо тартибин жөнгө салууга багытталган.

Ошондой эле «Бишкек», «Каракол», «Лейлек», «Маймак» жана «Нарын» эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболор өзгөртүлгөн. Бул чечим аймактарга чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана өнүктүрүү шарттарын түзүү максатында кабыл алынган.

Мындан тышкары Нарын облусунда энергияны көп керектеген төмөн көмүртектүү өндүрүштөрдүн өнөр жай паркын куруу жана эксплуатациялоо боюнча тескеме кабыл алынган.

Scroll to Top