Жогорку Кеңеште 120 жаш адис депутаттардын коомдук жардамчысы болот

Депутаттардын коомдук жардамчысы болуу үчүн жаштар үч этаптан турган сынактан өтүп, эки жарым ай билим алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Табылды Муратбеков билдирди.
Анын айтымында, «Жаш кадрлар мектеби» долбооруна катышуу үчүн 14 жаштан 35 жашка чейинки 680 адам арыз берген.
Анкеталар жана резюмелер каралгандан кийин экинчи этапка 220 талапкер өткөн. Алардын ичинен тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 160 адам тандалып, маектешүүгө катышкан. Натыйжада долбоорго 120 жаш кабыл алынган.
Тандалгандардын 59 пайызын кыздар, 41 пайызын жигиттер түзөт. Катышуучулардын орточо жаш курагы 21 жаш. Алардын көпчүлүгү жогорку окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү.
Депутаттын маалыматына караганда, катышуучулардын 79 пайызы азырынча иштебейт. Калган 21 пайызы эмгектенет же өз долбоорлорун ишке ашырууда.
Ишке киришер алдында бардык катышуучулар эки жарым айлык окуудан өтүшкөн.
Эми алар депутаттарга коомдук башталышта жардам берип, алардын ишине катышат жана өз демилгелерин сунуштай алышат.
«Биз аларды жөн гана тандап алып, силерге алып келген жокпуз. Эки жарым ай бою окуудан өтүштү. Эми алар силер менен коомдук жардамчы катары иштешет», — деди Муратбеков.
Депутат кесиптештерин жаш адистердин парламентте практикалык тажрыйба топтошуна көмөктөшүүгө чакырды.