«Келечектин кадры»: ИИМ студенттерди социалдык тасмалар фестивалына катышууга чакырды

11.11.2026 | 10:18
МВД приглашает студентов на фестиваль социальных фильмов «Кадры будущего» — Новости Кыргызстана

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жогорку окуу жайларынын студенттерин «Келечектин кадры» аттуу социалдык кыска метраждуу тасмалар фестивалына катышууга чакырды.

Иш-чара ИИМ, GIZ жана Борбор Азиядагы эл аралык университети тарабынан уюштурулууда. Сынакка 1–4-курстардын студенттеринен куралган үч адамга чейинки командалар катыша алат. Тасмалардын узактыгы үч мүнөткө чейин болушу шарт. Жеңүүчү деп табылган үч командага белектер тапшырылат.

Тасмалардын темасы экстремизм жана радикалдашуу, буллинг жана кибербуллинг, үй-бүлөлүк зомбулук, баңгизатка тартылуу жана жол коопсуздугу темалары түзүшү керек.

Сценарийлер 13-ноябрга чейин кабыл алынат. 16-ноябрда онлайн-семинар өтүп, 20–21-ноябрь күндөрү Борбор Азиядагы эл аралык университетинде окутуу, тасма тартуу жана көрсөтүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Фестивалга катышуу үчүн атайын электрондук анкета аркылуу катталуу талап кылынат. Аны министрликтин расмий сайтынан жана баракчаларынан табууга болот.

Scroll to Top