Жогорку Кеңеште 120 жаш адис депутаттардын коомдук жардамчысы болотОш шаарында «Жаштык Арена» спорттук-оюн-зоок комплекси курулат«Келечектин кадры»: ИИМ студенттерди социалдык тасмалар фестивалына катышууга чакырдыАйыл чарба министрлиги бизнес өкүлдөрү менен АӨКтү өнүктүрүү боюнча 1000 күндүк планды талкууладыОоганстандагы туруктуулук БАнын коопсуздугуна түздөн-түз байланыштуу — ЖККУАдылбек Касымалиев Анталья шаарында БУУнун COP31 конференциясына катышат
Ош шаарында «Жаштык Арена» спорттук-оюн-зоок комплекси курулат
11.11.2026 | 10:46

Ош шаарында спорттук мелдештерди жана маданий программаларды өткөрүүгө боло турган «Жаштык Арена» спорттук-оюн-зоок комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу шаар мэри Жанарбек Акаев «Кыялымдагы Кыргызстан: Ош-2026» форумунун жабылыш аземинде билдирди.
Мэриянын маалыматына ылайык, комплекс Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагында салынат жана 5 миң 200гө чейин көрүүчүнү кабыл алууга ылайыкташтырылат. Жайда муз аянтчасы, хоккей жана күрөш боюнча мелдештер өтүүчү спорттук тилкелер, концерттик жана маданий иш-чараларга арналган жайлар, ошондой эле соода жана тамактануу түйүндөрү орун алат.
Курулуш иштерин 2027-жылдын март айында баштап, 2030-жылдын март айында аяктоо пландалып жатканы маалымдалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Ош шаары