Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Жол эрежесин бузган айдоочулардан бюджетке 241,3 млн сом түштү
19.07.2023 | 15:50
Кыргызстанда быйыл жарым жылда жол эрежесин бузган айдоочулар төлөгөн айып пулдан мамлекеттик бюджетке 241 млн сомдон ашык акча түштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл жарым жылда айдоочулар тарабынан 486 миң 83 жол эреже бузуу болгон. Жол эрежесин бузган айдоочулардан бюджеттин эсебине 241 млн 310 миң 765 сом өндүрүлгөн. Бул сан былтыркыга салыштырмалуу 38 млн 647 миң 865 сомго көп.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом