Кабмин НИИЖСТО жетекчилигин чечимдерди создуктурганы үчүн сынга алды1-октябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу жерлерде карга айланатКыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чоо
Жол эрежесин бузган айдоочулардан бюджетке 241,3 млн сом түштү
19.07.2023 | 15:50
Кыргызстанда быйыл жарым жылда жол эрежесин бузган айдоочулар төлөгөн айып пулдан мамлекеттик бюджетке 241 млн сомдон ашык акча түштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл жарым жылда айдоочулар тарабынан 486 миң 83 жол эреже бузуу болгон. Жол эрежесин бузган айдоочулардан бюджеттин эсебине 241 млн 310 миң 765 сом өндүрүлгөн. Бул сан былтыркыга салыштырмалуу 38 млн 647 миң 865 сомго көп.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом