Электрондук социалдык паспорттор эмне үчүн керек? Расмий жооп

Электрондук социалдык паспорттор эмне үчүн керек? Расмий жооп

Кыргызстанда өткөн жылдын март айынан бери 229 миңден ашык электрондук паспорт түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, социалдык паспортто аз камсыз болгон үй-бүлөнүн курамы, бакубаттуулугунун деңгээли, үй-бүлөнүн социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгү жөнүндө маалыматтар камтылат. Алардын негизинде социалдык колдоо чаралары иштелип чыгат.

“Социалдык паспортту түзүүдө үй-бүлөнүн, майыптыгы бар жарандардын, анын ичинде балдардын, улгайган жарандардын жана калктын башка категорияларынын социалдык же гуманитардык (азык-түлүк) жардамга муктаждыгы эске алынат”, — дейт министрдин орун басары Улан Чаначев.

Анын айтымында, электрондук социалдык паспорт калкка көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик жардамдын натыйжалуулугун жана даректүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

“Социалдык паспорт ведомстволор аралык кызматташууга көмөктөшөт, социалдык маселелерди натыйжалуу чечүү жана региондогу калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн күч-аракеттерди жана ресурстарды бириктирет. Системанын толук кандуу иштеши үчүн айыл өкмөтүнүн жана министрликтин 1,7 миңден ашык кызматкерлери окутулду. Азыркы учурда 229 159 электрондук паспорт түзүлгөн», — деди Улан Чаначев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>