Бүгүн, 24-апрелге карата Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууну калаган 26 талапкерден арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалым болгондой, БШКга кайрылган 26 адамдын ичинен 2 талапкер арызын кайтарып алган. Депутаттыкка ат салышууну каалаган талапкерлердин катарында жумушсуздар, пенсионерлер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары жана башкалар бар. Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу 27-апрелде аяктайт.
БШКга арыз берген талапкерлер:
- Булекбаев Эркин Касымович, «Кыргызстандын жашылдар партиясынын» төрагасы
- Кунакунов Максат Касымжанович, «Либерал-прогрессивдик партиясынын» төрагасы
- Арзыкулов Марат Замирбекович, «Иг-Мар» ЖЧКсынын директору
- Нурланбеков Актилек Нурланбекович, «Ызат плюс» ЖЧКсы
- Камбаров Мирлан Адилбекович, убактылуу иштебейт
- Иманкулов Бекзат Муратович, арызын кайтарып алган
- Абдылдаев Азат Шералиевич, убактылуу иштебейт
- Калыков Улугбек Абдисатарович, прокуратура органдарынын пенсионери
- Исмаилова Карачач Жумаевна, мектеп мугалими
- Сакиев Нурлан Казыбекович, жеке нотариус (убактылуу токтотулган)
- Тербишалиев Данияр Өмүрзакович, жеке ишкер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
- Искаков Эртай Дүйшөбекович, «ЗаЯпошки» коомдук бирикмесинин төрагасы
- Касмалиев Ажыбек Кадыркулович, «Инженер землеустроителей и геодезистов Кыргызской Республики» коомдук бирикмесинин төрагасы
- Мокейчук Роман Александрович, жеке ишкер
- Маликов Аким Маликович, ИИМдин пенсионери, адвокат
- Суваналиев Өмүрбек Исакович, убактылуу иштебейт, Нарын жана Баткен облустарынын мурдагы башчысы, ИИМ министринин милдетин аткаруучу, Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары
- Бакир уулу Турсунбай, И. Арабаев университетинин профессору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
- Субанов Айбек Манасбекович, Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин жергиликтүү кызматкери
- Сагидаева Салтанат Ариповна, Ж. Баласагын атындагы КУУнун филология окутуучусу
- Усубалиева Гульмира Тургунбековна IFESтин Кыргызстандагы программасынын координатору
- Скорняков Андрей Владимирович «Кумтөр Голд Компанинин» коопсуздук боюнча инженердик системанын адиси
- Ниязалиева Дамира Абаскановна Биринчи элдик курултайдын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
- Шапанов Нурлан Нуркамилович, арызын кайтарып алган
- Мадылбеков Эльдар Туратбекович, убактылуу иштебейт
- Токталиев Акин Усубалиевич, «ЗЧ жана ДНК боюнча комитет» коомдук бирикмесинин өрагасы, адвокат
- Аттокур уулу Илимбек, убактылуу иштебейт.
Эскерте кетсек, быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтөт. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлмөкчү. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз