Жаныбек Абировдун ордуна кимдер депутат болууну көздөп жатат? Тизме

Жаныбек Абировдун ордуна кимдер депутат болууну көздөп жатат? Тизме

Бүгүн, 24-апрелге карата Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууну калаган 26 талапкерден арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, БШКга кайрылган 26 адамдын ичинен 2 талапкер арызын кайтарып алган. Депутаттыкка ат салышууну каалаган талапкерлердин катарында жумушсуздар, пенсионерлер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары жана башкалар бар. Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу 27-апрелде аяктайт.

БШКга арыз берген талапкерлер:

  1. Булекбаев Эркин Касымович, «Кыргызстандын жашылдар партиясынын» төрагасы
  2. Кунакунов Максат Касымжанович, «Либерал-прогрессивдик партиясынын» төрагасы
  3. Арзыкулов Марат Замирбекович, «Иг-Мар» ЖЧКсынын директору
  4. Нурланбеков Актилек Нурланбекович, «Ызат плюс» ЖЧКсы
  5. Камбаров Мирлан Адилбекович, убактылуу иштебейт
  6. Иманкулов Бекзат Муратович, арызын кайтарып алган
  7. Абдылдаев Азат Шералиевич, убактылуу иштебейт
  8. Калыков Улугбек Абдисатарович, прокуратура органдарынын пенсионери
  9. Исмаилова Карачач Жумаевна, мектеп мугалими
  10. Сакиев Нурлан Казыбекович, жеке нотариус (убактылуу токтотулган)
  11. Тербишалиев Данияр Өмүрзакович, жеке ишкер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
  12. Искаков Эртай Дүйшөбекович, «ЗаЯпошки» коомдук бирикмесинин төрагасы
  13. Касмалиев Ажыбек Кадыркулович, «Инженер землеустроителей и геодезистов Кыргызской Республики» коомдук бирикмесинин төрагасы
  14. Мокейчук Роман Александрович, жеке ишкер
  15. Маликов Аким Маликович, ИИМдин пенсионери, адвокат
  16. Суваналиев Өмүрбек Исакович, убактылуу иштебейт, Нарын жана Баткен облустарынын мурдагы башчысы, ИИМ министринин милдетин аткаруучу, Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары
  17. Бакир уулу Турсунбай, И. Арабаев университетинин профессору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
  18. Субанов Айбек Манасбекович, Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин жергиликтүү кызматкери
  19. Сагидаева Салтанат Ариповна, Ж. Баласагын атындагы  КУУнун филология окутуучусу
  20. Усубалиева Гульмира Тургунбековна IFESтин Кыргызстандагы  программасынын координатору
  21. Скорняков Андрей Владимирович «Кумтөр Голд Компанинин» коопсуздук боюнча инженердик системанын адиси
  22. Ниязалиева Дамира Абаскановна Биринчи элдик курултайдын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
  23. Шапанов Нурлан Нуркамилович, арызын кайтарып алган
  24. Мадылбеков Эльдар Туратбекович, убактылуу иштебейт
  25. Токталиев Акин Усубалиевич, «ЗЧ жана ДНК боюнча  комитет» коомдук бирикмесинин өрагасы, адвокат
  26. Аттокур уулу Илимбек, убактылуу иштебейт.

Эскерте кетсек, быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтөт. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлмөкчү. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>