Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадында жалгыз конок болот

Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадында жалгыз конок болот

Садыр Жапаров Жеңиш күнүнө карата Орусияга сапары пландалган жалгыз чет элдик лидер болууда. Бул тууралуу «Ведомости» басылмасы жазды.

Белгиленгендей, ал тургай Беларусь президентинин катышуусу да күмөндүү.

«Орусиянын башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин башка чет элдик лидерлер (мисалы, Беларусиянын башчысы Александр Лукашенко) майрамга Москвага келе алабы же жокпу деген суроосуна жооп берген жок», — деп жазат басылма.

Кыргызстандын президентин Орусияга 31-мартта өкмөттөгү эл аралык мамилелерди көзөмөлдөгөн вице Алексей Оверчук чакырган.

«8-9-майда биз сиздин расмий сапарыңызды күтүп жатабыз. Бул визиттин биздин эң маанилүү жалпы майрамыбыз – Жеңиш күнүнө туура келгендиги өзгөчө мааниге ээ. Албетте, Кыргызстан бул жеңишке жана Москваны коргоого кандай салым кошконун ар дайым эсибизде сактайбыз, бул биз үчүн ыйык”, — деди ал Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда.

Белгилей кетсек, Алексей Оверчук кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында Садыр Жапаровдун Москвага болгон сапары тууралуу айткан.

Садыр Жапаров Орусияга расмий иш сапары менен барат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>