Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдөМамлекеттик тууну үйүңүзгө илиңиз! Ошто патриоттук акция өтүүдөЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскертти
Зилзаладан жабыр тарткан миңден ашык киши Стамбулда дарыланууда
17.02.2023 | 22:59
Кырсык болгон аймактын 7181 тургуну Стамбулдагы ооруканалардан чыгарылып, 1274 жабырлануучуну дарылоо уланууда.
Жер титирөө болгон аймактан жараат алгандар учактар менен жеке жана мамлекеттик ооруканаларга, ошондой эле университеттердин медициналык мекемелерине жеткирилүүдө.
Жалпысынан зилзаладан бери Стамбулга 8555 адам дарыланууга келишкен.
Дүйшөмбү күнү, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө болду. Түркиянын түштүк-чыгышында болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 38 миңден ашты. Жер силкинүү Сирия, Ливан, Түндүк Кипр, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар