Минфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкуулады

23.08.2026 | 13:41
Минфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкуулады — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) колдоосу менен каржыланган долбоорлордун портфелине 2026-жылдын экинчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча сереп жүргүзүлдү.

Иш-чарага Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов, АӨБнүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жооптуу бөлүмдөрдүн кызматкерлери катышты.

Катышуучулар долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы жыйынтыктарын жана аларды аткаруу учурунда жаралып жаткан көйгөйлөрдү карашты. Каражаттарды өз убагында өздөштүрүүгө, белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына, долбоорлорду натыйжалуу башкарууга жана алардын социалдык-экономикалык таасирине өзгөчө көңүл бурулду.

Финансы министрлигинде белгиленгендей, долбоорлордун портфелин үзгүлтүксүз карап чыгуу тобокелдиктерди өз убагында аныктоого, зарыл чараларды көрүүгө жана эл аралык каржы уюмдарынын каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Жолугушуунун жыйынтыгында Финансы министрлиги жана АӨБ Кыргызстанды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду өз убагында жана натыйжалуу ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экенин ырасташты.

Scroll to Top