Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Эмгек министрлиги Россияда жашаган кыргызстандыктардын 30 баласын Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү
25.08.2026 | 11:15

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россияда жашаган кыргызстандыктардын 30 баласын Ысык-Көл облусуна жайкы эс алууга жөнөттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Балдар Чолпон-Ата шаарындагы «Меридиан» ден соолукту чыңдоочу лагеринде эс алышат. Алар үчүн спорттук, маданий жана таанып-билүү иш-чаралары камтылган программа даярдалган.
Атап айтканда, балдар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына катышып, кыргыз маданияты, улуттук каада-салттары жана өлкөнүн тарыхы менен жакындан таанышышат.
Эмгек министрлигинен белгилешкендей, программа чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын балдарынын Кыргызстан жана улуттук маданият менен болгон байланышын сактоого багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом