Асел Ногойбаеванын саламаттыгы начарлап, бетинин бир тарабын сезбей жатат. Бул тууралуу анын эжеси Диана Елькен билдирди.
Анын айтымында, сиңдиси азыр ийне сайдырып дарыланууда.
«Аселдин эс-тутуму дагы начарлап, айрым окуяларды эстей албай жатат. Азыр айтканды 5 мүнөттөн кийин унутуп коет. Чачын ак басып, бетинин бир тарабын сезбей калып жатат»,- дейт ал.
Эскерте кетсек, быйыл 20-сентябрда Селекцияда эркек киши мурдагы аялын (Асел Ногоайбаеваны) сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Шектүү катары 39 жаштагы Азамат Эстебесов аттуу жаран кармалган.
Жакында эле тергөө иштери аяктаганы белгилүү болду.