Кыргызстанда РФ Мамлекеттик Думасына шайлоо үчүн төрт шайлоо тилкеси ачылатКыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылдыКыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюштуБишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат«Биз өзүбүздүн чоң үйүбүздү куруп жатабыз»: КРСУнун ректору Сергей Волков — университеттин келечеги тууралууБарскоон суусунда балыктардын өлүмү катталды. Учурда иликтөө жүргүзүлүүдө
Зомбулукка кабылган Асел Ногойбаеванын саламаттыгы начарлоодо
24.12.2023 | 09:19
Асел Ногойбаеванын саламаттыгы начарлап, бетинин бир тарабын сезбей жатат. Бул тууралуу анын эжеси Диана Елькен билдирди.
Анын айтымында, сиңдиси азыр ийне сайдырып дарыланууда.
“Аселдин эс-тутуму дагы начарлап, айрым окуяларды эстей албай жатат. Азыр айтканды 5 мүнөттөн кийин унутуп коет. Чачын ак басып, бетинин бир тарабын сезбей калып жатат”,- дейт ал.
Эскерте кетсек, быйыл 20-сентябрда Селекцияда эркек киши мурдагы аялын (Асел Ногоайбаеваны) сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Шектүү катары 39 жаштагы Азамат Эстебесов аттуу жаран кармалган.
Жакында эле тергөө иштери аяктаганы белгилүү болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом