Футболчулардын кимиси Азия кубогуна барары айдын аягында белгилүү болот

Футболчулардын кимиси Азия кубогуна барары айдын аягында белгилүү болот

Улуттук курама команданын Азия кубогунда ойной турган курамы декабрдын аягында боло турган Бириккен Араб Эмираты менен беттештен кийин белгилүү болот. Бул тууралуу футбол бирикмеси  машыктыруучу Штефан Тарковичке шилтеп билдирди.

Анын баамында, команда кызуу даярдык көрдү. Алдыда төрт жабык беттеш өткөрөт. Бүгүн Өзбекстандын курамасы менен ойнойт.

Эскерте кетсек, команданын коргоочусу Валерий Кичиндин  бутунун тарамыштары жарым-жартылай үзүлүп, жаракатынын айыгышына бир айдан ашык убакыт керек болгондуктан, Кичин Азия кубогуна катышары арсар болууда.

Андан тышкары, бул жолу команданын катарына белгилүү чабуулчу Мирлан Мурзаев дагы чакырылган эмес.

Азия кубогу 2024-жылы 12-январдан 10-февралга чейин Катарда болуп өтөт. Кыргызстан бул мелдеште Таиланд, Сауд Арабия жана Оман курамаралары менен бир тайпада жайгашкан.

Азия кубогунун алкагындагы биринчи беттеш 16-январда Таиланд менен болуп өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>