Зым, күрөк менен сабаган: Токмокто жаран аялы менен балдарына зомбулук көрсөтүүгө шектелип кармалды

06.08.2026 | 10:50
Зым, күрөк менен сабаган: Токмокто жаран аялы менен балдарына зомбулук көрсөтүүгө шектелип кармалды — Новости Кыргызстана

Токмок шаарында жарандык никедеги аялын жана балдарын уруп-сабап жүргөн деген шек менен 38 жаштагы эркек киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ишки иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 33 жаштагы аял жарандык жолдошу тарабынан үч жылдан бери зомбулук көрүп келгенин билдирип, милицияга арыз менен кайрылган. Аялдын айтымында, жолдошу өзүнө жана жашы жете элек эки баласын күрөк жана электр зымы менен сабап, денелерине залал келтирген.

Бул факт боюнча арыздануучуга жана балдарына карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш ишин козголгон. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Ч.Ч. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Милиция кырдаал укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

Scroll to Top