Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Бишкекте мамлекеттик телеканалдын кызматкерине кол салуу болду — видео
06.08.2026 | 10:33

Бишкекте мамлекеттик телеканалдын журналистин сабоо боюнча кылмыш ишинин алкагында шектүү кармалды, деп билдирет Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы.
Анын маалыматына караганда, ИИБге К.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Анкара көчөсүндө жүргөн учурда белгисиз эркек киши ээнбаштык максатында ага көптөгөн дене залалдарын келтирип, андан соң окуя болгон жерден качып кеткенин билдирген. КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Ээнбаштык») боюнча кылмыш иши козголду. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн такташты. Ал 1995-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран болуп чыкты.
Ал кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББдин (Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын) убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) киргизилди.