Бишкекте үч фонтан ачылып, муниципалдык кызматкерлер сыйланды — сүрөтЭрназар Акматалиев Астанадагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду1-ноябрь: Кыргызстанда күн жылуу болот, абанын температурасы +21° чейин көтөрүлөтБишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алынды
1-ноябрь: Кыргызстанда күн жылуу болот, абанын температурасы +21° чейин көтөрүлөт
01.11.2026 | 10:00

Кыргызгидрометтин билдирүүсүндө, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.
Мекеменин маалыматы боюнча:
- Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5 °C, күндүз +14…+19 °C;
- Талас облусунда түнкүсүн −1…+4 °C, күндүз +13…+18 °C;
- Ош облусунда түнкүсүн +5…+10 °C, күндүз +16…+21 °C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +5…+10 °C, күндүз +16…+21 °C;
- Баткен облусунда түнкүсүн +4…+9 °C, күндүз +15…+20 °C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −1…+4 °C, күндүз +10…+15 °C;
- Нарын облусунда түнкүсүн −6…−1 °C, күндүз +10…+15 °C.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4 °C, күндүз +16…+18 °C болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 °C, күндүз +13…+15 °C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом