Эрназар Акматалиев Астанадагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду

01.11.2026 | 10:20
Эрназар Акматалиев Астанадагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду — Новости Кыргызстана

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Астана шаарында (Казакстан) өткөн спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Спортчу 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Эрназар Акматалиев Астанадагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду — Новости Кыргызстана
Эрназар Акматалиев Астанадагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду — иллюстрация
Эрназар Акматалиев Астанадагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду — контекст события
Эрназар Акматалиев Астанадагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду — фото 4
Эрназар Акматалиев Астанадагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду — фото 5

Акматалиев мелдештин 1/8 финалынан баштап, анда канадалык спортчуну утту. Ал эми чейрек финалда түркиялык балбанды жеңип алды.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу 2023-жылдын дүйнө чемпиону, америкалык Зейн Резерфорд менен кез келди. Курч мүнөздө өткөн беттеште Акматалиев 3:2 эсебинде жеңишке жетип, финалга жолдомо алды.

31-октябрда чечүүчү беттеште анын атаандашы орусиялык Ибрагим Ибрагимов болду. Акматалиев 2:5 эсебинде жеңилип, 2-орунду ээледи жана дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси болду.

Scroll to Top