Министрлер кабинети: Курулушка уруксат берүү мөөнөтү үч эсеге кыскартылды

Кыргызстанда ири объектилерди курууга уруксат берүү мөөнөтү 180 жумуш күнүнөн 60 жумуш күнүнө чейин кыскартылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Аянты 500 чарчы метрге чейинки объектилер үчүн бул мөөнөт 90 күндөн 10 күнгө чейин кыскартылган.
Өкмөт башчынын айтымында, өзгөртүүлөр административдик көйгөйлөрдү 100 күндүн ичинде чечүүгө багытталган өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында ишке ашырылган.
Касымалиев жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча башка мисалдарды да келтирди.
Алсак, ири көлөмдүү жана оор салмактагы жүктөрдү ташууга уруксат берүү толугу менен электрондук форматка өткөрүлгөн. Мурда уруксатты тариздөө үч күнгө чейин созулса, азыр бул жол-жобо бир саатта аткарылат.
Санитардык китепчени тариздөө мөөнөтү сегиз жумуш күнүнөн төрткө чейин кыскартылган. Ал эми тиешелүү мекемелерге баруунун саны бештен экиге чейин азайган.
Өкмөт башчы 2025-жылы 12 реформа ишке ашырылганын, ал эми 2026-жылы дагы 11 багыт боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.