Министрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодо

Министрлер Кабинетинин болжолуна ылайык, 2027-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 2 трлн 736,3 млрд сомго жетет. Бул тууралуу 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджеттин долбоорунда айтылат.
Салыштыра кетсек, 2025-жылы өлкөнүн номиналдык ИДПсы 1 трлн 976,4 млрд сомду түзгөн. Ал эми 2026-жылдын жыйынтыгында бул көрсөткүч 2 трлн 352,7 млрд сомго жетери күтүлүүдө. Ошентип, 2027-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 2026-жылга карата болжол менен 383,7 млрд сомго көбөйүшү мүмкүн.
Ошол эле учурда 2027-жылы экономиканын реалдуу өсүү темпи 8,3% деңгээлинде болжолдонууда. Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылы экономика 11,1% өскөн, ал эми 2026-жылы 8,7% өсүш күтүлүүдө.
Болжол боюнча, 2027-жылы экономиканын негизги тармактарынын ичинен эң жогорку өсүш курулуш тармагында күтүлүүдө — 19,7%. Кызмат көрсөтүү тармагы 7,8%, өнөр жай 5,3%, айыл чарбасы 3,5% өсүшү мүмкүн.
Кийинки жылдары да өкмөт ИДПнын көлөмү көбөйөрүн болжолдоодо. 2028-жылы анын номиналдык көлөмү 3 трлн 240,8 млрд сомго, ал эми 2029-жылы 3 трлн 720,7 млрд сомго жетиши мүмкүн.
Экономиканын реалдуу өсүшү 2028-жылы 10,4%, 2029-жылы 7,4% деңгээлинде күтүлүүдө.
Ошондой эле Министрлер Кабинети инфляциянын басаңдашын болжолдоодо. 2026-жылдын жыйынтыгында инфляция 11% деңгээлинде күтүлсө, 2027-жылы 7,5%, 2028-жылы 6,6%, ал эми 2029-жылы 6,2% болушу мүмкүн.