Өмүрбекова: Катачылык кетирсем элимен кечирим сурайм

Өмүрбекова: Катачылык кетирсем элимен кечирим сурайм

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Фейсбук баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасады. Ал кайрылуусунда катачылык кетирсе кечирим сурай турганын жазган.

«Урматтуу достор, мекендештер!!!
Чын дилимден ар бириңердин жылуу сөзүңөргө, колдооңорго терең ыраазычылык билдирем!!! Мен үчүн менин эмгегимдин эң жогорку баасы – ар бир Кыргызстандын жаранынын пикири, колдоосу! Коомдук кызыкчылык, ар бир кыргызстандыктын бак-дөөлөтү, коопсуздугу – мен үчүн эң башкы баалуулук, максат.
Жашоомдо, элдик кызматта жүргөн убагымда да жолуккан ар бир инсанга таазим, терең ыраазычылык билдирем! Азыркы биздин мекенибиздин, бүткүл дүйнө жүзүнүн да башына түшкөн оор кырдаал – коронавирус, баштаган максаттарыма, пландарыма да өзгөртүүлөрдү киргизди. Ушундай кырдаалда өз эмгеги менен, болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып биздин Эл элибизге, ар бир муктаж адамга өзүнүн жардамын көрсөткөн ар бириңерге таазим! Силер бар, биздин мекенибиз, элибиз бар!
Өз ишимде катачылык кетирсем, ойлогон максаттарды толук кандуу ишке ашырып албай калсам, же бирөөнү таарынтсам, убагында жооп бербесем кечирим сурайм!
Ийгиликтер алдыда! Бар болуңуздар, аман болунуздар!», – деп жазган Өмүрбекова.

Белгилей кетсек, Алтынай Өмүрбекова менен мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кечээ, 1-апрелде ээлеген кызматтарынан президенттин буйругу менен алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>