Кыргызстанда провайдерлерди колдонуучулардын маалыматтарын ачыктоого милдеттендиришет – кенен маалымат

28.04.2026 | 17:00

Кыргызстанда Санариптик кодекстин кабыл алынышына байланыштуу бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкты. Документ Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды.

Долбоордо КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, ошондой эле «Ыкчам-издөө иши жөнүндө», «Контрчалгындоо иши жөнүндө» жана «Лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Негизги жоболордун бири — телекоммуникация операторлорунун (ТО) милдеттерин кеңейтүү болуп саналат.

Телекоммуникация операторлору — бул кардарларга мобилдик же стационардык телефондук байланыш, интернетке жогорку ылдамдыктагы кирүү жана кабелдик телекөрсөтүү кызматтарын көрсөтүүчү уюмдар.

Документке ылайык, ТОлорду сервистерди колдонуучулар жөнүндө маалымат берүүгө, ошондой эле өздөрүнүн маалымат базаларына, санариптик тутумдарына жана ресурстарына кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого милдеттендиришет.

Мындан тышкары, ТОлор телекоммуникациялык тармактарда ыкчам-издөө жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүү үчүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык шарттарды түзүүгө жана ыйгарым укуктуу органдарга башка көмөк көрсөтүүгө тийиш болушат.

Мыйзам долбоору ошондой эле өлкөгө алынып келинген түзүлүштөрдү кошо алганда, бардык мобилдик түзүлүштөрдү мамлекеттик санариптик тутумда милдеттүү түрдө идентификациялоо ченемин киргизет.

Өзгөртүүлөр колдонуучулардын жана алардын түзүлүштөрүнүн ортосундагы байланыштар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле түзүлүштөрдүн жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү карайт. Компьютерлерден, серверлерден жана телекоммуникациялык тармактардан маалыматтарды алып, аларды кийин материалдык алып жүрүүчүлөргө (диск, флешка ж.б.) түшүрүү тартиби такталууда.

Контрчалгындоо иши бөлүгүндө объекттерди санариптик таанууну, анын ичинде адамдын өздүгүн автоматтык түрдө идентификациялоону жана транспорт каражаттарынын каттоо номерлерин таанууну киргизүү сунушталууда.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын чечими менен өзгөчө абал же куралдуу кагылыш учурунда айрым түзүлүштөргө телекоммуникациялык кызматтарды көрсөтүүнү убактылуу токтотуу мүмкүнчүлүгү бекитилүүдө.

Бул талаптарды аткаруу үчүн керектүү инфратүзүмдү түзүүгө кеткен телекоммуникация операторлорунун чыгымдары алардын өз эсебинен жабылат.

Мыйзам долбооруна ылайык, өзгөртүүлөр расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Министрлер Кабинетине алты айлык мөөнөттө ченемдик укуктук актыларды бул документке шайкеш келтирүү тапшырылды.

Scroll to Top