37 жаштагы жарандын сырдуу өлүмү: Маркумдун агасы калыс иликтөө жүргүзүүнү суранууда

37 жаштагы жарандын сырдуу өлүмү: Маркумдун агасы калыс иликтөө жүргүзүүнү суранууда

Бишкекте белгисиз себептерден улам каза болгону айтылган 37 жаштагы Иван Сологубовдун бир тууганы Арсений Сологубов инисинин өлүмү боюнча калыс иликтөө жүргүзүүнү суранууда.

Эскерте кетсек, буга чейин милиция 9-августта Бишкекте эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылганын, андан кийин көчө жакка чуркап чыгып, жерге кулап, белгисиз себептерден улам каза болгонун билдирген. Окуя Жибек Жолу менен Манас проспекттеринин кесилишинде болгону айтылган.

Арсений Сологубов иниси 9-августта саат 20:00дордо үйдөн чыгып, көчөгө ити менен сейилдегени кеткенин, андан кийин каякта болгонун билбей турганын билдирип, бирок окуя жөнүндө милиция айтып жаткан версия тууралуу сөз кылды.

Көчөгө чыгып жатканда иниси соо (мас эмес) болгон.

«Милициянын сөзү боюнча, окуя болгон учурда инимдин эси ордунда болгон эмес экен. Ал Жибек Жолу менен Манастын кесилишиндеги жатаканага кирип, «бирөө өлтүрөм деп жатат» деп айтып, 3-кабаттан секирүүгө аракет кылганда, аны токтотуп калышыптыр. Андан кийин аны ылдый түшүрүшүп, сыртка алып чыгышыптыр. Ал милициянын колунан чыгып кетип, алардан кача баштаптыр. Интернетте ал милициядан качып жатканы тартылган видео бар. Андан соң аялдама жакка чуркап барганда, аны милиция кармаптыр. Ошол жерде тартылган видео менде бар. Ал видеодон милиция инимдин колун кайрып, күч колдонуп, демин кысып жатканын көрсө болот. Ал ошол аялдама жактан эле көз жуумптур.

Милициянын сөзү боюнча, ал ары-бери чуркап, андан кийин жерге кулап каза болуп калган экен. Адам кантип эле чуркап баратып өлүп калсын?», — дейт ал.

Сологубов анын колундагы видеодон иниси «аба жутуп алайын» деп айтканын да угууга боло турганын белгиледи.

Анын айтымында, иниси бокс боюнча спорт чеберине кандидат болгон, ден соолугу да чың эле.

Арсений Сологубов азырынча милицияга күнөө таккысы келбегенин, ошол эле учурда бир тууганынын өлүмү боюнча чындыкка жетүүнү каалап жатканын белгиледи. Ал УКМКга да арыз менен кайрылган. Ал жактан ишти Биринчи май райондук прокуратурасына жөнөтүшкөн.

Сологубов окуяны көргөн күбө бар экенин билдирди.

«Менде окуяны, инимдин каза болгонун көргөн күбө бар. Күбөнүн айтымы боюнча, милиция инимдин демин кыса баштаганда, ал эсин жоготуп койгон. Андан кийин тамырын кармап көргөндө, ал каза болуп калыптыр», — дейт Сологубов.

Ал иниси каза болгондон кийин мейитканага барып, бир тууганын бетиндеги көгала тактарды, денесиндеги тактарды көргөнүн билдирди. Андан тышкары инисинин бети көк болуп калган. Ошол жактагы дарыгердин айтымында, эгер инисинин бети көк болуп калса, анда ал аба жетпей каза болгон.

«Патологоанатом менен эмес, бирок ошол жактагы бир дарыгер менен сүйлөштүм. Анын айтымында, бети көк болгон болсо, иним дем жетпей каза тапкан болот. Бирок аны кол менен муунткан эмес. Мендеги видеодон милиция кызматкери аны тизеси менен көкүрөк тушун басып, дем алдырбай жатканын көрсө болот.

Азырынча эч кимди күнөөлөбөй элемин. Бирок милиция кызматкерлери боюнча териштирүү жүргүзүлсүн. Себеби алар акыркылардан болуп инимдин жанында болушкан. Мен чындыкка жетким келет.

Инимдин башынын оң тарабы көгала болуп калган экен. Сокку жеген десе болот. Азыр иинимдин өлүмүнүн так себебин айта албайм. Себеби патологоанатомиялык изилдөөнүн жыйынтыгын күтүп жатабыз. Анын жыйынтыгы менен баары белгилүү болот. Бирок инимди сабашкан деп божомолдоп жатам. Себеби инимдин тизеси, чыканагы сыйрылып, бетинде көгала тактар бар экен. Аны бирөө муунткандай бетинин өңү көк болуп калыптыр», — дейт ал.

Сологубов билдиргендей, инисинин артында 1 жашка толо элек уулу калды.

Милиция эмне дейт?

Биринчи май райондук милициянын маалыматы боюнча, 9-августта болжол менен саат 22:40та «102» кызматына Жибек Жолу проспектисиндеги Кыргыз Улуттук университетинин имаратынын 3-кабатынан белгисиз жаран секиргени жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине милиция барганда, айтылган маалымат ырасталган. Кызматкерлер аталган жаран менен сүйлөшүүгө аракет кылган. Бирок ал эси ордунда болбой, милицияга баш ийбей, көчө жакка чуркап чыгып, ары-бери чуркап, жерге кулап, каза болуп калган.

Милиция бидиргендей, күбөлөрдүн сөзү боюнча аталган жаран «мени өлтүргөн жатат» деп жатакананын ичине кирип кеткен. Аны токтотууга аракет кылышканы менен андан майнап чыккан эмес. Мындан улам милиция чакырышкан.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, маркум Республикалык психикалык ден соолук борборунда бир нече жолу дарыланып чыккан. 2015-жылдан тарта психиатрия, 2017-жылдан баштап Наркологиялык борбордо каттоодо турган.

Учурда маркумдун өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Арсений Сологубов иниси психиатриялык ооруканада, Наркологияда каттоо турганын ырастап, бирок инисинин өлүмүн ал менен байланыштырбай турганын айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>