MBANK’тан «Маниполия» боюнча жашыруун гайд: «Мани» упайларын оңой топтоп, «Байгелер дүкөнүндө» сарптоонун 3 ыкмасы

MBANK’тан «Маниполия» акциясы кызуу жүрүп жатат: 850 000 белек жана 50 000 000 сомдук байге фонду. Колдонуучулар акцияга активдүү катышып, топтогон «Мани» упайларына байгелерди утуп алып жатышат. Алдыда дагы миңдеген байгелер бар, демек, акцияга кошулууга эң ылайыктуу учур!
«Дүкөндөгү» байгелер бат эле түгөнүп калгандыктан, каталог жаңы партиялар менен үзгүлтүксүз толукталып турат. Топтогон «Мани» упайларыңызды жаңы iPhone, мыкты гаджеттер жана өнөктөштөрдүн бонустарына оңой алмаштыруунун жөнөкөй ыкмалары менен бөлүшөбүз.
1-ыкма. Бейшемби — аптанын башкы күнү. «Байгелер дүкөнүндөгү» товарлардын көз ачып-жумгуча түгөнүп калышынын негизги себеби жөнөкөй: катышуучулардын суроо-талабы абдан жогору болгондуктан, ар бир партия бир нече сааттын ичинде эле түгөнүп калат. Дүкөндүн ассортименти ар бейшемби сайын жаңыланат. Эгер бөлүмгө кеч кирсеңиз, учурдагы партия түгөнүп калган учурга туш болушуңуз мүмкүн.
Эмне кылуу керек? Апта бою «Мани» топтоп, бейшемби күнү колдонмого биринчилерден болуп кирип, топтогон упайларыңызга ала турган байгени дароо алыңыз.
2-ыкма. Күнүмдүк аракеттерден жана MBANK экосистемасынан көбүрөөк «Мани» топтоңуз. Бейшембиге чейин эсебиңизде жетиштүү «Мани» болушу үчүн кадимки банктык операцияларды жана MBANK кызматтарын упай топтоонун туруктуу булагына айландырыңыз.
Күнүмдүк чыгымдарыңызды төлөңүз: жол кирени, коммуналдык кызматтарды төлөңүз, балансты толуктаңыз жана MPay аркылуу сатып алуулар үчүн төлөм жүргүзүңүз.
MBANK экосистемасынын өнүмдөрүн колдонуңуз: MTravel, MHouse, Mashina жана MMarket кызматтарындагы атайын тапшырмаларды аткарыңыз, буйрутмаларды тариздеңиз жана колдонмонун ичиндеги жаңы кызматтарды пайдаланыңыз. Ар бир төлөм, которуу жана экосистемадагы максаттуу аракет кошумча «Энергия» жана жаңы «Мани» упайларын алып келет.
3-ыкма. Байгени алып калууга жетишпей калдыңызбы? Анда көбүрөөк упай топтоңуз! Бул бейшембиде буйрутманы тариздеп жетишпей калсаңыз, муну өзүңүздүн артыкчылыгыңызга айландырыңыз. Топтогон «Мани» упайларыңыз күйүп кетпейт, балансыңызда сакталып калат. Кийинки аптада дагы көбүрөөк упай топтоп, жаңы бейшембиде андан да баалуу байгени ала аласыз.
Бул аптадагы жеңүүчүнүн стратегиясы:
- MBANK колдонмосун ачып, башкы экрандагы «Маниполия» бөлүмүнө кириңиз.
- Күнүмдүк тапшырмаларды аткарыңыз, экосистеманын кызматтарын колдонуңуз жана тесттерден өтүп, «Мани» топтоңуз.
- Бейшемби күнү «Байгелер дүкөнүнө» кирип, топтогон «Мани» упайларыңызга байгени биринчилерден болуп алыңыз!
Акция 2026-жылдын 31-декабрына чейин уланат. Катышуунун толук эрежелери жана шарттары менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышыңыз: «MBANK’тан Маниполия» акциясына катышуу эрежелери.
MBANK — Биринчи санарип!
КР УБ № 014 лицензиясы.



