5-июнь: Коронавирус 37 адамдан табылды, 48 адам айыгып чыкты

05.06.2020 | 10:07

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 37 адамдан жаңы катталды. Бул тууралуу 5-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөт үйүндө өткөн онлайн-бирифингде билдирди.

Коронавирус аныкталган аймактактар:
Бишкек ш. – 14;

Чүй облусу – 7;
Нарын облусу – 6;
Ысык-Көл облусу – 3;
Ош ш. – 1;
Ош облусу – 5;
Баткен облусу – 1.

Жалпысынан 5-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 1936 адамга жуккан.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 48 бейтап айыгып чыгып, жалпы айыккандардын саны 1340 адамга жетти.

Scroll to Top