COVID-19: Бир суткада дагы эки адам коронавирустан каза болду

05.06.2020 | 10:19

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккандан кийин эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Нурболот Үсөнбаев 5-июнда маалымат берип, алардын аты-жөнүн атаган жок.

Маалыматка караганда каза болгондордун бири  82 жаштагы аял, Бишкек шаарынын тургуну болгон. Ага кызы аркылуу жуккан.

Каза болгон экинчи бейтап – 34 жаштагы аял киши, Ош шаарында дарыланып жаткан.

Жалпы каза болгондордун саны 22 кишини түздү.

Scroll to Top