ЖКда Сурабалдиеванын коопсуздугуна тынчсызданып, мамлекеттик күзөт берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков «75 иши» деп аталган сот процессинен кийин депутат Эльвира Сурабалдиевага мамлекеттик күзөт берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Парламенттин жыйынында сүйлөгөн Жумабеков социалдык тармактардан сот процессинин жүрүшүн көргөнүн жана кесиптешинин айланасындагы жагдайга көңүл бурганын билдирди.
«Эл тарабынан шайланган кесиптешибизге белгилүү бир кысым көрсөтүлүп жаткандай болду. Жооп берейин десе — кысым, сүйлөйүн десе — кысым болду. Ошондуктан мамлекеттик күзөт жөнүндө мыйзамды эстедим. Эгер кесиптешибиз каршы болбосо, ага мамлекеттик күзөт берүү маселесин карасак болот», — деди депутат.
Ал мындай чараны мыйзамдын негизинде кароого болорун белгилеп, бул маселени президент менен талкуулоону сунуштады. Анткени мамлекеттик күзөт президенттин тескемеси менен берилет.
«Албетте, акыркы чечимди Эльвира Жыргалбековна өзү кабыл алат. Бирок биз кесиптеш катары мындай маселелерди алдын ала карап коюшубуз керек. Кийин кеч болуп калбасын. Жамандыкты ойлобойлу, бирок мыйзамда мындай механизмдер каралган. Кечээки процессте Эльвира Жыргалбековнага көрсөтүлгөн басым туура эмес болду деп эсептейм», — деп кошумчалады Жумабеков.
Эске салсак, кечээ Биринчи май райондук сотунда «75 иши» деп аталган сот жараянынын кезектеги отуруму өттү. Анын жүрүшүндө Сурабалдиева күбө катары көрсөтмө берген.
Коомчулукта чоң талкуу жараткан жагдайлардын бири — Сурабалдиева менен иштин фигуранты, Камчыбек Ташиев ортосундагы сөз талаш болду. Сурак учурунда Ташиев депутаттын атасы Жыргалбек Сурабалдиевдин өлтүрүлүшүн эске салгандан кийин, парламентарий мындай сөздөр каралып жаткан ишке тиешеси жок экенин жана кысым катары кабыл алынышы мүмкүн экенин айткан. Буга жооп катары ал: «Сиз мага коркутуп жатасызбы?» — деп кайрылган. Андан соң судья Ташиевге эскертүү берген.
Ал эми «75 иши» мурдагы жогорку кызматтагы аткаминерлерге жана саясатчыларга карата бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча коюлган айыптарга байланыштуу.