УКМК: Кыргызстанда туруп, чет элдиктерди интернет аркылуу алдап жүргөн топ аныкталды

19.06.2026 | 10:02
УКМК: Кыргызстанда туруп, чет элдиктерди интернет аркылуу алдап жүргөн топ аныкталды — Новости Кыргызстана

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстандын аймагында туруп чет элдик жарандарды алдоо менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлганын билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кылмыштуу топ заманбап маалыматтык технологияларды, атайын иштелип чыккан программаларды жана чет элдик төлөм системаларын колдонуу менен чет элдик жарандарды алдап жүргөн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тинтүү учурунда көп сандагы компьютердик техникалар, мобилдик түзүлүштөр жана башка техникалык каражаттар табылып, алынган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган топтун алдамчылык аракеттери чет мамлекеттердин жарандарына багытталып, Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы келбегендиги аныкталган. УКМК буга карабастан, мындай топтордун ишин токтотуу өлкөнүн эл аралык аброюн бекемдөө жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө маанилүү экенин белгиледи. Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Scroll to Top