11 жаштагы Алинур жоголуп кетти

11 жаштагы Алинур жоголуп кетти

Бишкектен 11 жаштагы Алинур Мураталиев жоголуп кетти. Ал 16-сентябрь күнү “Келечек” жаңы конушунан чыккан боюнча үйүнө келген эмес. Бул туурасында Бишкек милициясы коомчулуктан жардам сурап кайрылды.

Алдын-ала маалыматтар боюнча өзү жашаган “Келечек” конушундагы №87 орто мектептен 13:00дө чыккан боюнча кайрылып үйүнө барган эмес.

Бул факты боюнча кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган.

Өзгөчө белгилери: бою болжол менен 130-140 см. Арык, кой көз, чачы кыска.

Кийимдери: көк түстөгү кепка, ак түстөгү көйнөк, кара түстөгү өпкө кап, кара түстөгү шым, кара түстөгү туфли.

Шаардык милиция Мураталиев Алинур Алмазбековичти көрүп кала турган болсо төмөндөгү телефондорго чалып кабарлап коюуусун өтүнөт:
0 702 49-88-88, 0-557 11-94-10, 0-709 33-24-63 и 102.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>