Апам тирүү деп ойлойм. “Жеңиш” чокусунда калган альпинисттин уулу жардам сурадыБишкекте медициналык шаарча курулуп, мамлекеттик ооруканалар көчүрүлөтКыргызстандык делегация «Краснодар» футбол клубунун ишмердүүлүгү менен таанышыштыТүркиянын кино жылдыздары Бишкекке келетКыргызстанда 550дөн ашык айыл таза суу менен камсыздалатЕЭК: 2025-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын бюджети профицит менен аткарылды
Жоолук салынган окуучулар мектептен куулуп жатат
30.09.2021 | 13:12
Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Ахмедов мектептерде ислам динин тутунган окуучулардын жоолук салынуусуна тыюу салынып жатат. Мындай көрүнүш өтө коопту жана билим алуу укугунан ажырабашы керек деп сынга алды.
«Билим алганы келген кыздарды жоолуктун айынан мектептен кууп чыгып жатыптыр. Мындай окуялар өлкөнүн бардык аймактарында катталып жатат. Буларга ким укук берди? Мектеп жетекчилигине, мугалимдерге чара көрүлүшү керек. Алар мектепке бара албай жатышыптыр. «Жоолугуңду чечпесең, мектепке кирбейсиң» деп жатыптыр. Чара көрүлүшү керек» — деди.
Мыйзам боюнча мектеп окуучуларына жоолук салынуусуна тыюу салынган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом