Кыргызстан менен ЕККУ «тоо күн тартибин» ишке ашыруу жана глобалдык саммитке даярдык көрүү боюнча кадамдарды белгилештиКР Улуттук банкынын кызматкерлери Австрия жана Чехиядагы банктык көзөмөлдүн европалык тажрыйбасын үйрөнүштүБишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылатӨзбекстан биринчи космонавтын космоско учурууга даярдануудаЫсык-Көлдө «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулушу башталдыКыргызстан Россияда жана Казакстанда логистикалык борборлорду түзөт
Бишкек ЖЭБине 1 млн. 217 миң тонна көмүр жете элек
05.10.2021 | 14:58
Бишкек жылуулук электр борборуна жазга чейин 1 млн. 650 мин тонна көмүр керек. Азыр кампада 281 миң тонна көмүр болсо, анын 153 миң тоннасы тыштан ташылган көмүр. Бул туурасында Бишкек ЖЭБинин башкы инженеринин орун басары Нурлан Кулжыгачев билдирди.
Анын айтымына караганда, 1 млн. 650 мин тонна көмүрдүн 1 млн. тоннасы Кара-Кечеден алынат. Калганын Казакстандан алышат. Көмүр атайын графиктин негизинде жеткирилип турат. “Газпром-Кыргызстандан” 68 миллион кубметр газга келишим түзүлгөн. Азыр көгүлтүр отун үзгүлтүксүз келип жатат.
Азыр кампада 433 миң тонна көмүр турат. Эми 1 млн. 217 миң тонна көмүр ташып келиши керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика