Жалал-Абадда баңгизат сатып жүргөн жарандар кармалды

Жалал-Абадда баңгизат сатып жүргөн жарандар кармалды

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз баңгизатын жүгүртүү менен алектенген адамдардын өздүгүн аныктоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Б” аттуу жаран баңгизаттарды сатуу менен алектенгени тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, жогорудагы маалыматтар  Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, милиция кызматкерлери “көзөмөлдөп сатып алуу” аракети аркылуу 1 кг. 600 гр. “марихуана” жана 25 грамм салмактагы “гашиш” баңгизатын сатып алышкан. Ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда “Б” аттуу жарандын өздүгү аныкталган. Ал аталган облустун Тогуз-Торо районунун 45 жаштагы М.Б. аттуу тургуну экени маалым болгон.

23-сентябрда Б.М. жана аны менен бирге жүргөн, кылмышка катыштыгы бар М.Н. аттуу жаранды жеке текшерүү учурунда 2 кг. 830 гр. “гашиш” жана 1 кг 600 гр. “марихуана” баңгизат табылган. Анын жалпы салмагы 4 кг. 43 граммды түзүп, соттук экспертизасынын корутундусуна ылайык “гашиш” баңгизаты болгондугу аныкталган.

Учурда кармалгандар Жазык-процестик кодексинин 98-беренесине ылайык, Субактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо максатында мындан аркы тергөө амалдары улантылууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>