Кыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катыштыУулдарым, бизди жеңиш менен күткүлө»Ала-Тоо аянтында Бишкектин 148 жылдыгы белгиленетКөп векторлуулук Кыргызстанды Иран боюнча тандоо жасоодон куткарбайт — Алина Молдокеева
Курсан Асанов боюнча аудио сүйлөшүү монтаждалыптыр
06.10.2021 | 13:46
Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудио экспертизадан чыкты. Бул туурасында “Азаттыкка” адвокаты Чынара Жакупбекова билдирген.
“Социалдык тармакка тараган аудиону Орусия жана Казакстандагы адистешкен экспертизага жөнөткөм. Эки экспертиза тең аудио монтаждалган деген тыянак чыгарып берди. Алты жеринен монтаждалыптыр”, – дептир Жакупбекова.
Буга чейин социалдык тармактарда аталган эки жарандын аудио сүйлөшүүсү тараган. Анда бийликти басып алуулар боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Ушул аудиону негиз кылып Сарыбаев менен Асанов экөө тең камакка алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат