Бишкекте курулуш люлькасынын кулашы: компанияга 200 миң сом айып салындыМинистрлер кабинети 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыгын чыгардыСурабалдиева ата-энелерди балдарга карата зомбулук учурларын жашырбоого чакырдыБишкекте жумушчу турган курулуш люлькасынын тросу үзүлүп кетти — Курулуш министрлиги текшерүү баштадыМаматалиев парламентти сындагандарды чектен чыкпоого чакырдыКелерки жылы Эгемендүүлүк күнү Нарында белгиленет
Курсан Асанов боюнча аудио сүйлөшүү монтаждалыптыр
06.10.2021 | 13:46
Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудио экспертизадан чыкты. Бул туурасында “Азаттыкка” адвокаты Чынара Жакупбекова билдирген.
“Социалдык тармакка тараган аудиону Орусия жана Казакстандагы адистешкен экспертизага жөнөткөм. Эки экспертиза тең аудио монтаждалган деген тыянак чыгарып берди. Алты жеринен монтаждалыптыр”, – дептир Жакупбекова.
Буга чейин социалдык тармактарда аталган эки жарандын аудио сүйлөшүүсү тараган. Анда бийликти басып алуулар боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Ушул аудиону негиз кылып Сарыбаев менен Асанов экөө тең камакка алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат