Арашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жататТуманбаев МИКтин үйлөрү жыш салынууда деген сындарга жооп бердиСадыр Жапаров: Кумтөр жана “Кыргызалтын” акыркы үч жылда 2 млрддоллар таза киреше таптыНарында сүттү кайра иштетүүчү жаңы цех ишке кирдиЖогорку Кеңеш салыктык жеңилдиктердин топтомун кабыл алдыЭлдик курултайда 67 өнөр жай жана социалдык объектилер онлайн режиминде ачылды
Чүйдө жол кырсыгынан 2 өспүрүм мерт кетти
18.10.2021 | 10:09
Чүйдө жол кырсыгынан эки адам каза болуп, үчөө жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
17-октябрь күнү Кемин району, Ударник айылынын Ленин көчөсүндө Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бак сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 2004-ж.т. С.Т. аттуу бала, 1 кыз каза болгон жана 3 өспүрүм балдар жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда). Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине Кемин райондук №5 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом