Айыл-чарба азыктарын тышка сатууда тоскоол жараткандар камалды

Айыл-чарба азыктарын тышка сатууда тоскоол жараткандар камалды

Айыл-чарба азыктарын тышка сатууда тоскоол жараткандардын турукту каналы табылды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирүү таратты.

Ал маалыматка караганда, анын натыйжасында айыл-чарба өндүрүүчүлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукциянын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушууда.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, Айыл, суу- чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин айрым кызматкерлери, бул коррупциялык схеманы уюштурган логистикалык компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле “Дордой Дыйкан” базарынын директору Эркинбек Салымбеков кармалып, жоопко тартылды.

Кармалгандарга карата сот тергөө бүткөнгө чейин камакка алды. УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ишин улантууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>