Жогорку Кеңештин төрага орун басары Аида Касымалиева БУУнун Нью-Йорктогу Кыргызстандын туруктуу өкүлү болот. Бул туурасында Reporter.kg′ге өздүк булактар билдирди.
Анын айтымында, керектүү документтер даярдалып, сүйлөшүүлөр соңуна чыгып калыптыр.
Учурда Миргүл Молдоисаева БУУнун Нью-Йорктогу Кыргызстандын туруктуу өкүлү.
Белгилей кетсек, кечээ, 17-октябрда Касымалиева парламенттик шайлоого катышпай тураганын, бирок мамлекетке кызмат кылууга даяр экенин «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыккан.