Сох анклавында аэропорт курулуп бүттү

Сох анклавында аэропорт курулуп бүттү

Кыргызстандын Баткен облусу менен чектешкен Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Сох районунда жаңы аэропорттун курулушу аяктады.

Фергана облустук акимчилиги жалпы аянты 7 гектарды, учуу-конуу тилкесинин узундугу 700 метрди түзгөн аэропортто жакында сыноо иретиндеги учуулар аткарыла баштай турганын кабарлады.

Маалыматка караганда, курулуш иштерине дээрлик 7 миллиард сум жумшалган аэропортто күтүү залы, тамактануу, соода кылуу жана эс алуу жайлары, ошондой эле учуу-конуу тилкеси бар.

350 чарчы чакырым аянтты ээлеп турган Өзбекстандын Сох району Кыргызстандын Баткен облусу менен курчалып турат. Өзбекстандан Сохко баруу үчүн Кыргызстандын аймагы аркылуу болжол менен 20 чакырымдай жол жүрүүгө туура келет.

Анклавды Өзбекстандын негизи аймагы менен байланыштырган Сох-Риштан унаа жолу 2013-жылы кыргыз-өзбек чек арасындагы чырдан кийин бир тараптуу жабылган. Быйыл апрелде аталган жолдогу «Кайтпас» жана «Өтүкчү» чек ара бекеттери ачылып, жүргүнчү ташыган унаалар өткөрүлө баштаган. Азырынча бул бекеттер аркылуу жүк ташыган автоунаалардын өтүүсүнө уруксат жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>