Бишкекте эркек киши аялга бычак такап, тоноп кеткен

27.10.2021 | 13:31

Борбор калаадан милиция кызматкерлери тоноочулукка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 20-октябрында Д.Э. аттуу жаран азиат түспөлүндөгү белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ошол күнү саат 12:00дөр чамасында Юг-2 кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн кире беришинен белгисиз адам аны бычак менен коркутуп, акчасын тартып алган, андан соң качып кеткен, келтирилген чыгымдын суммасы такталууда.

Бул факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция мурда соттолгон 1976-жылы туулган С.А.ны кармаган. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп, кармалган адамдын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө.

Scroll to Top