Айсулуу Тыныбекова уул төрөгөнүн жарыяладыИранда өлкөнү башкаруу үчүн убактылуу кеңеш түзүлдүАйпери Медет кызы Албаниядагы рейтингдик турнирде дүйнө чемпионун жеңип, алтын алдыИрандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болдуКооптуу: Бишкекте жарамазан айткан балдарга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөтАт-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
Мүмкүнчүлүгү чектелгендер Глазгодогу саммитке катыша албай калды
02.11.2021 | 10:02
Израилдин энергетика министри Карин Эльхарар Шотландияда өтүп жаткан саммитке майыптыгы бар жарандар үчүн шарттары жок болгону үчүн бара алган жок. Бул туурасында ТАСС Израилдин жалпыга маалымдоо каражаттарына таянып жазып чыкты.
Министрдин атайын унаасы бардык коопсуздук пункттарынан өткөрүлбөй, саммиттин уюштуруучулары тарабынан сунушталган маршруттук унаалар талапка ылайык жабдылган эмес, натыйжада министр пландалган жыйындар өтүүчү жерге бара албай калган.
Карин Эльхарар Twitterдеги баракчасына майыптар үчүн шарттарды түзүп бере албаганы үчүн БУУну сынга алды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар