Бишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскерттиНепалдагы табигый кырсыкка байланышуу Садыр Жапаров Рам Чандра Пауделге көңүл айттыТибеттеги сел кырсыгына байланыштууу Садыр Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айттыКемин шаарында Жибек-Жолу көчөсүн көрктөндүрүү иштери башталды
Мүмкүнчүлүгү чектелгендер Глазгодогу саммитке катыша албай калды
02.11.2021 | 10:02
Израилдин энергетика министри Карин Эльхарар Шотландияда өтүп жаткан саммитке майыптыгы бар жарандар үчүн шарттары жок болгону үчүн бара алган жок. Бул туурасында ТАСС Израилдин жалпыга маалымдоо каражаттарына таянып жазып чыкты.
Министрдин атайын унаасы бардык коопсуздук пункттарынан өткөрүлбөй, саммиттин уюштуруучулары тарабынан сунушталган маршруттук унаалар талапка ылайык жабдылган эмес, натыйжада министр пландалган жыйындар өтүүчү жерге бара албай калган.
Карин Эльхарар Twitterдеги баракчасына майыптар үчүн шарттарды түзүп бере албаганы үчүн БУУну сынга алды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар