Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүүнүн мурдагы кылмыштары ачыкка чыктыМосквада «Ак кеме» жана «Күн кармаган бала» спектаклдери коюлдуТИМ АКШда миграциялык текшерүүлөр күчөтүлгөнүн билдирип, жарандарга сунуштарды бердиНарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалдыБүгүн ЖРТга кышкы каттоо башталдыБишкектеги жаңы стадион “Азаттык Арена”, конгресс-холл “Ырыс Ордо” деп аталды
16 млн. $. Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду түзүлдү
05.11.2021 | 16:24
Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду түзүлдү. Бул боюнча Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун ачылыш аземи өттү. Фонддун баштапкы капиталы 16 млн. долларды түзөт. Келечекте 50 млн. долларга жеткирүү пландалууда.
Фонддун директорлор кеңеши 5 адамдан турат. Кыргыз тараптан 3 өкүл, венгер тараптан 2 өкүл. Фонддун штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашып, ал үчүн имарат даярдалды.
Ачылуу аземине эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү катышты.
Максаты инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика