Милиция: Үгүт маалында “Азаттык” партиясы админресурс колдонду

 Милиция: Үгүт маалында “Азаттык” партиясы админресурс колдонду

Мугалимдер административдик ресурсту пайдаланып 18 жашга толо элек студенттерди алдоо жолу жана буйрук менен мыйзамсыз аянтка митинге алып келишкен. Бул туурасында Ош шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-ноябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында «Азаттык» партиясы тарабынан Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин студенттери өз эркинен сырткары  үгүт иштери үчүн митинге алынып келинген.  Бул маалыматты текшерүү үчүн митинге катышкан студенттер менен мугалимдер  Ош шаардык милиция суракка алган. Сурактын жыйынтыгында,  баарынын жашы 18ге толо элек, паспорт ала элек болушкан.  Алар өз көрсөтмөлөрүндө айрым агайлары тарабынан административдик ресурсту пайдаланышып, «экскурцияга барабыз» деп алдап, Ош шаарынын борбордук аянтына, «Азаттык» партиясынын митингине алып келгендигин айтышып, мугалимдерине карата көрсөтмө беришкен.   Жалпысынан 8 мугалим, 15 студент суралган.

Учурда бул факты боюнча жоруктар кодексинин 87-1 беренесинин 2-бөлүгүнүн (Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу) белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери аяктап калды. Жакынкы күндөрү соттук кароого берилет.

Бул боюнча эркин журналист Ыдырыс Исаков өзүнүн ютуб каналына айтып чыккан болчу.

Ош: Үгүт иштерине катышкан студенттер сурак беришти

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>