Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
«Узбекнефтегаз» кийинки жылы АИ-80 бензинин өндүрүүдөн баш тартат
17.11.2021 | 16:17
«Узбекнефтегаз» акционердик коому 2022-жылдан баштап АИ-80 үлгүсүндөгү бензинди өндүрүүнү акырындык менен токтотууну пландоодо.
Бул тууралуу 16-ноябрда мунайды, мунайхимияны кайра иштетүү жана мунай өнүмдөрүн ташуу департаментинин директору Хушнужон Махмужанов билдирди.
Анын айтымында, «Узбекнефтегаз» АИ-80 бензинин өндүрүү боюнча өз стратегиясы бар.
«Биз келерки жылдан баштап акырындык менен AI-80 бензининен баш тартуунун жана анын сапатын жакшыртуунун үстүнөн иштеп жатабыз», – деди Махмужанов.
АИ-80 бензини өзбек айдоочуларынын арасында жеткиликтүү күйүүчү май катары белгилүү. Расмий маалыматка караганда, ушул тапта бензин колдонуучуларга 6800 сумдан (63 цент) сунушталууда.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар