Милиция: 9 жаштагы Сумая атайылап өлтүрүлүшү мүмкүн

Милиция: 9 жаштагы Сумая атайылап өлтүрүлүшү мүмкүн

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы 9 жаштагы Сумаянын өлүмү боюнча кайра экспертиза дайындалганын жана анын чоо-жайын билдирди.

18-ноябрда Сузак районунун ички иштер башкармалыгына 1984-жылы туулган Уткирбек Сулайманов 2012-жылы туулган кызы Сумай Хосилжанованы издөөгө жардам сурап кайрылган. Анын айтымында, кызы саат 12:40та мектепке кетип, кайтып келген эмес.

Кызды издөө иштерине 64 милиция, 250 элдик кошуундун мүчөсү, 150 ыктыярчы тартылган. Алар 8540 кожолук, 14 курулушу бүтө элек үй, гараж ж.б.у.с. кыдырып чыгышкан. Ошондой эле видеокамералардагы 29 жазуу текшерилип, Жалал-Абад шаарында дагы издөө иштери жүргөн. Бирок Сумая бир дагы жерге кирген эмес.

27-ноябрь күнү саат 17:00дө милиция кызматкерлерине Арал айылындагы Көк-Арт дарыясында балык уулап жүргөн Сузак районунун 1967-жылы туулган тургуну А.Р. жээкте кичинекей кыздын сөөгү жатканын айткан. Окуя болгон жерге Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын, Сузак РИИБнин жана прокуратуранын жетекчилиги баш болгон милиция кызматкерлери дароо барышкан. 8-12 жаштагы кыздын жансыз денеси дарыянын жээгинен 3-4 метр алыстыкта, үстүндө сырт кийими жок табылган.

Сырттан жасалган экспертизада денесинен эч кандай жаракат алган эмес, андан кийин Сумая экени аныкталган. Бүгүнкү күндө кылмыш иши КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (адам өлтүрүү) кайра квалификацияланып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, экспертизалар дайындалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>