Кытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталды
Ош: Өз кызматын аткара албаган 3 жетекчи жаза алды
02.12.2021 | 14:36
Ош шаарында 3 жетекчиге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алар жазаны кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле жасабагандыгы, документтер менен иштөөнү уюштуруу, көзөмөлгө алуу жана аткаруу маселелерине кош көңүл карагандыгы үчүн алды.
Тартиптик жаза алган жетекчилер:
– Ош шаарынын муниципалдык турак жай коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы Эркин Аралиевге эскертүү;
– Ош шаарынын мэриясынын «Борбордук базар дирекциясы» муниципалдык ишканасынын башчысы Нияз Исмаиловго эскертүү;
– Ош шаардык «Жолдор» муниципалдык ишканасынын башчысы Арзыбек Жунусовго сөгүш берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат